Өнөр жай өндүрүш индекси октябрь айында өстү

Өнөр жай өндүрүшү октябрь айында өткөн айга салыштырмалуу 1,1 пайызга өстү.

1545129
Өнөр жай өндүрүш индекси октябрь айында өстү

Өнөр жай өндүрүш индекси октябрь айында айлык базада 1, 1 пайыз, жылдык базада 10,2  пайызга жогорулады.

Түркия Статистика Мекемеси октябрь айы тууралуу өнөр жай өндүрүш индексинин жыйынтыктарын билдирди. Ушуга караганда октябрь айында өнөр жай өндүрүшү 2019 -  жылдын ушул эле айына караганда 10, 2 пайызга жогорулады.

Өнөр жайдын кичи тармактары изилденгенде, октябрь айында тоо -  кен казуу жана карьер казуу секторунун индекси 0,4 пайызга, кайра иштетүү өнөр жай тармагынын индекси 11 пайызга, электр энергиясы, газ, буу, кондиционер өндүрүү жана бөлүштүрүү секторунун индекси өткөн жылдын ушул айына салыштырмалуу 5,5 пайызга жогорулады.

Өнөр жай өндүрүшү октябрь айында өткөн айга салыштырмалуу 1,1 пайызга өстү.



Тектеш кабарлар