Цитрус өсүмдүктөрүнүн экспортунан эки айда 17,7 миллион долларлык киреше түштү
Түркия 41 өлкөгө цитрус өсүмдүктөрүн экспорттоду.
Түркия 2020-2021-жылдардагы экспорт сезонунун биринчи эки айы болгон сентябрь жана октябрь мезгилинде 41 өлкөгө цитрус өсүмдүктөрүн сатты.
Чыгыш Кара деңиз экспортчулар бирикмесинин маалыматына караганда, 1-сентябрда башталган экспорт сезонунун алгачкы эки айында 36 миң 273 тонналык цитрус өсүмдүктөрү сатылып андан 17 миллион 740 миң 811 долларлык киреше түштү.
Бул мезгилде 41 өлкөгө цитрус өсүмдүктөрү экспорттолуп бул өлкөлөрдүн ичинен Россия Федерациясы биринчи орунду ээледи.
Сентябрь-октябрь айларында Россия Федерациясына сатылган 24 миллион 614 тонналык цитрус өсүмдүктөрүнүн наркы 12 миллион 232 миң 342 долларды түздү.
Цитрус өсүмдүктөрүнүн экспортунда Россиядан кийин 1 миллион 487 миң 665 доллар менен Украина жана 762 миң 131 доллар менен Ирак турат.
Өткөн сезондун тийиштүү мезгилинен айырмаланып цитрус өсүмдүктөрү Греция, Словакия, Ливан, Бельгия, Америка жана Данияга да сатылды.
Тектеш кабарлар
Түркиянын косметика экспортунда өсүү
Түркиянын косметика тармагынын былтыркы экспорту 1 миллиард доллардан ашты.
Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди
Кеме кечинде райондон чыгып, Айдындын Кушадасы портуна барат.