Анталияга келген турист саны 2, 5 миллиондон ашты

Июль айынан тарта туризм кыймылы башталган шаарда 1 -  янврь жана 30 -  сентябрдын арасында 2 миллион 576 537 туристти тосуп алды.

1501659
Анталияга келген турист саны 2, 5 миллиондон ашты

Анталия дүйнө жаңы тип коронавирус менен күрөшүп жаткан процессте маданият жана туризм министрлигинин координациясында баштатылган "Коопсуз Туризмди Сертификаттоо Программасынын" негизинде кызмат кылууда.

Июль айынан тарта туризм кыймылы башталган шаарда 1 -  янврь жана 30 -  сентябрдын арасында 2 миллион 576 537 туристти тосуп алды. Алардын ичинен 2 миллион 417 592си чет элдик туристтер.

Профессионал мейманкана башкаруучулар коомунун төрагасы Үлкай Атмажа : "Коопсуз туризм аркылуу бул тармак ийгиликтүү болду. Бул процессте мынчалык конокту тосуп алуу Түркиянын ийгилиги. Муну коопсуз жана ден соолукка пайдалуу туризм  менен аткардык. Бекем ден соолук  туризм сертификаты  биз  көргөн чаралар  жана туристтердин  кубанычтуу кайтуусу менен бул ийгилик ортого чыкты",- деди.

Жер Ортолук Туристтик Отелдер жана Операторлор Ассоциациясы AKTOBдун  вице-президенти Каан Кавалоглу да туризм сезону узарарын белгилеп : «Бүткүл дүйнөдө Түркия негизги туризм жери болду. Европалык жана КМШ өлкөлөрүнүн биринчи тандаган өлкөсү Түркия. Европа базары абдан маанилүү. Нидерландия, Бельгия да Германия аркылуу келүүдө»,- деди.



Тектеш кабарлар