Өнөр жай өндүрүшү май айында өстү
Өнөр жай өндүрүш индекси айлык базада 17, 4 пайызга өстү.
![Өнөр жай өндүрүшү май айында өстү](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/d354/aabf/c2f7/5c5bf18ddb463.jpg?time=1718911004)
Өнөр жай өндүрүш индекси айлык базада 17, 4 пайызга өстү.
Түркия статистика мекемеси май айындагы өнөр жай өндүрүш индексинин жыйынтыктарын жарыялады.
Май айында календардык эффектке ылайыкталган өнөр жай өндүрүшү 2019 - жылдын ушул эле айына салыштырмалуу 19,9 пайызга төмөндөгөн жана өткөн айга салыштырмалуу 17,4 пайызга өскөн.
Ушул ай ичинде кайра иштетүү өнөр жайынын индекси 19,3 пайызга, тоо-кен казып алуу жана карьерлерди казуу тармагынын индекси 4,5 пайызга, электр, газ, буу жана аба кондицияларын өндүрүү жана бөлүштүрүү секторунун индекси 4,9 пайызга жогорулаган.
Өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк твиттреден өнөр жай өндүрүшүнө байланыштуу маалымат берди. Варанк маалыматта : «Глобалдык базардын баарында апрель айында тараюу болду. Май айында эң ылдам калыбына келген биринчи үч өлкөнүн бири болдук»,- деди.
Түркия май айындагы өнөр жай өндүрүшүндө айлык базада 17, 4 пайыздык өсүү менен Италия жана Франциядан кийин үчүнчү болуп, араларында Испания, Германия, Кытай, АКШ менен Түштүк Корея да болгон бир топ өлкөнү артта калтырды.
Казына министри Берат Албайрак да твиттерден май айына карата билдирүүсүндө өндүрүш тармагында дөңгөлөктөрдүн кайрадан ылдамдай баштаганын айтты.
Тектеш кабарлар
![Түркиянын косметика экспортунда өсүү](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/aead/90ba/6268/667298499fbb9.jpg?time=1718911005)
Түркиянын косметика экспортунда өсүү
Түркиянын косметика тармагынын былтыркы экспорту 1 миллиард доллардан ашты.
![Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/e6ba/590e/d2a2/66715dd0cba44.jpg?time=1718911005)
Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди
Кеме кечинде райондон чыгып, Айдындын Кушадасы портуна барат.