Чайдын экспорту өстү

Январь-май айларынын аралыгында Түркиядан 87 өлкөгө чай экспорттолду.

1436519
Чайдын экспорту өстү

Жылдын алгачкы 5 айында Түркиядан жасалган чайдын экспорту 6 миллион 379 миң 810 долларга жетти.

Экспорттун көлөмү өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 47,5 пайызга өстү.

Чыгыш Кара деңиз Экспортчулар Биримдигинин (DKİB) маалыматына караганда, январь-май айларынын аралыгында Түркиядан 87 өлкөгө 1639 тонна чай экспорттолду. Аталган экспорттон 6 миллион 379 миң 810 долларлык киреше түштү.

Өткөн жылдын тийиштүү мезгилинде 1380 тонналык чайдын экспортунан 4 миллион 324 миң 307 долларлык киреше түшкөн болчу. Буга караганда, Түркиядан алгачкы 5 айда ишке ашкан чайдын экспорту өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 47,5 пайызга жогорулады.

Бельгия, Германия жана Түндүк Кипр Түрк Республикасы эң көп чай экспорттолгон өлкөлөрдүн катарына кирди.

Түркиядан жылдын алгачкы 5 айында Бельгияга 556 тонна чай сатылып андан 2 миллион 298 миң 393 долларлык киреше алынды.

Өткөн жылдын тийиштүү мезгилинде бул өлкөгө 143 тонналык чайдын экспортунан 536 миң 208 долларлык киреше түшкөн. Ушундайча Бельгияга чай экспорту өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 328,6 пайызга өстү.

Бельгиядан кийин 903 миң 165 долларлык экспорт менен Германия, андан соң 583 миң 798 долларлык соода менен Түндүк Кипр Түрк Республикасы турат.



Тектеш кабарлар