Эл аралык валюта фондунун тынчсыздануулары

Кристалина Георгиева блог макала жарыялады.

1434377
Эл аралык валюта фондунун тынчсыздануулары

Эл аралык Валюта Фондунун (IMF) жетекчиси Кристалина Георгиева: «(Ковид-19 кризиси) Бул апаат, кирешелердин теңсиздигинин олуттуу көбөйүшүнө алып келиши мүмкүн»,- деди.

Георгиева дүйнөлүк экономика жана инклюзивдүү экономиканы калыбына келтирүү жөнүндө блог макала жарыялады.

Ковид-19 кризисинин эң аялуу катмарларга көбүрөөк таасирин тийгизгенин айткан Георгиева: «Бул апаат, кирешелердин теңсиздигинин олуттуу көбөйүшүнө алып келиши мүмкүн»,-деп сереп салды.

Ошондой эле кризис билим берүүдөн тартып, жакырчылыкты кыскартууга чейинки өнүктүрүү тармагындагы жетишкендиктерге  коркунуч туудурушу мүмкүн экендигин белгилеп: «Жаңы божомолдор көрсөткөндөй, дүйнө жүзү боюнча 100 миллионго жакын адам өтө жакырчылыкка кабылышы мүмкүн жана жакырчылыкты кыскартуунун акыркы 3 жылдагы бардык жетишкендиктерин жок кылат»,-деди.

Саясатты иштеп чыгуучулар экономиканын кыйла кеңири жайылышын камсыз кылуу үчүн колунан келгендин баарын жасашы керектигин баса белгилеген Георгиева, ушул алкакта 3 артыкчылыкты баса белгилеп «каржылык стимулдарды акылдуулук менен колдонуу, жаңы муундун билим берүү менен бекемделиши жана каржылык технологиялардын күчүн колдонуу керек»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар