Түркия 33 өлкөгө авокадо экспорттоду

Экспорттун көлөмү өсүүдө.

1428040
Түркия 33 өлкөгө авокадо экспорттоду

Акыркы 5 жылда Түркияда 14 миң тонна авокадо өндүрүлдү жана 2 миллион 79 миң долларлык экспорт жасалды.

Түркиянын статистика мекемесинин маалыматына караганда Россия, Румыния, Украина жана Германия менен катар 33 мамлекетке авокадо экспорттогон Түркия, экспорттун көлөмүн дагы акыркы 5 жылда 41 эсеге көбөйттү.

Былтыр авокадо өндүрүү мурунку жылга салыштырмалуу 33 пайызга көбөйүп, 4 миң 209 тоннага жеткен.

Авокадонун бардыгы Жер Ортолук деңиз аймагында өндүрүлдү.

2019-жылдын 1-январынан 26-майына чейин аймактан 50 миң 107 долларлык авокадо экспорттолуп, бул сан ушул жылдын тийиштүү мезгилинде 8,36 пайызга көбөйүү менен 54 миң 298 долларга жетти.



Тектеш кабарлар