Орусия Түркиядан дагы көбүрөөк помидор сатып алат
Орусия Түркиядан импорттогон помидордун квотасын 200 миң тоннага көбөйттү.
Орусиянын Түркиядан помидор сатып алуу квотасын 150 миң тоннадан 200 миң тоннага көбөйтүшү, өндүрүүчүлөр менен экспортчуларды кубандырды. Орусия помидордун эң чоң рынокторунун бири болуп саналат.
Эгейдин мөмө-жемиш экспортчулары бирикмесинин башкаруу кеңешинин төрагасы Хайреттин Учак, квота көбөйгөндөн кийин экспортчулардын даярдыктарын баштагандарын баса белгиледи.
Орусия май айындагы токтому менен Түркиядан импорттолгон помидордун квотасын 20 миң тоннадан 150 миң тоннага көбөйтүп, бул квотанын мөөнөтү 8-февралда бүткөн эле.
Түркиядан Орусияга помидордун экспорту 2019-жылы андан мурдагы жылга салыштырмалуу 186 пайыз өсүп 86 миллион 53 миң долларга жеткен эле.
Тектеш кабарлар
Түркиянын косметика экспортунда өсүү
Түркиянын косметика тармагынын былтыркы экспорту 1 миллиард доллардан ашты.
Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди
Кеме кечинде райондон чыгып, Айдындын Кушадасы портуна барат.