Давос саммити
Давос саммити келээрки аптада башталат.
Дүйнөлүк экономикалык форум тарабынан уюштурулган Давос саммити келээрки аптада Швейцариянын Давос шаарында башталат.
Дүйнөлүк экономикалык форум 21-24-январь күндөрүнүн аралыгында Швейцариянын Давос шаарында баштала турган саммит тууралуу маалымат берди.
Буга караганда, быйыл 50сү өтө турган Давос саммитине жалпы 117 өлкөдөн 3 миң ишкер, саясатчы, академик жана жарандык коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышат.
Саммитте Түркияны тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, казына жана каржы министри Берат Албайрак, соода министри Рухсар Рекжан жана Борбордук банктын төрагасы Мурат Уйсалдын өкүлдүк кылышы күтүлүүдө.
«Гармониялуу жана туруктуу дүйнөнүн тараптары» деген теманын негизинде өтө турган саммитте, 400дөн ашуун ачык жана жабык отурум өткөрүлөт.
Давосто 50дөн ашык өлкө мамлекет жана өкмөт башчылары деңгээлинде өкүлдүк кылынат.
Тектеш кабарлар
Түркиянын косметика экспортунда өсүү
Түркиянын косметика тармагынын былтыркы экспорту 1 миллиард доллардан ашты.
Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди
Кеме кечинде райондон чыгып, Айдындын Кушадасы портуна барат.