Анталья туризми 2019-жылы Орусия базарында бардык убактардын рекордун багындырды

Дүйнөдө эң көп турист келген шаарлардын катарында орун алган Антальяга 2019-жылы келген ар үч туристтен бирөөнү орустар түздү.

1335761
Анталья туризми 2019-жылы Орусия базарында бардык убактардын рекордун багындырды

Анталья өткөн жылы Орусиядан келген 5 миллион 582 миң 763 турист менен бардык убактардын рекордуна жетишти.

Дүйнөдө эң көп турист келген шаарлардын катарында орун алган Антальяга 2019-жылы келген ар үч туристтен бирөөнү орустар түздү.

Антальянын облустук маданият жана туризм директорлугунун көрсөткүчтөрүнөн топтолгон маалыматка караганда өткөн жылы шаарга келген чет элдик турист санында 2018-жылга караганда 17,14 пайызга жогорулоо болду.

Антальяны 2019-жылы тандаган 15 миллион 644 миң 108 туристтин 5 миллион 582 миң 763ү Орусиядан келди.

2016-жылы 492 миң 349, 2017-жылы 3 миллион 796 миң 374, 2018-жылы 4 миллион 803 миң 860 орус турист келген шаарда, өткөн жылы 16,21 пайыздык өсүү менен Орусия базарында бардык убактардын рекорду багындырылды.

Акыркы үч жылдан бери эң көп турист келген өлкөлөрдүн арасында биринчи орунда турган Орусиянын 2020-жылы да биринчиликти улантышы күтүлүүдө.

Антальяга келген туристтердин 35 пайызын түзгөн орустар, деңиз, кум, күн эс алуусу менен катар маданият туризмине да маани берүүдө.



Тектеш кабарлар