Стамбул аэропортуна соода кылуу үчүн туристтер келүүдө

Стамбул аэропорту Unifree Duty Freeнин жогорку башкаруучусу жана аткаруу кеңешинин төрагасы Али Шенхер Стамбулга соода кылуу үчүн бир күндүгүнө келгендердин бар экендигин айтты

1327000
Стамбул аэропортуна соода кылуу үчүн туристтер келүүдө

Стамбул аэропорту Unifree Duty Freeнин жогорку башкаруучусу жана аткаруу кеңешинин төрагасы Али Шенхер Стамбулга соода кылуу үчүн бир күндүгүнө келгендердин бар экендигин айтты.

Али Шенхер Unifreeнин Стамбул аэропортунун ачылышынан бери салган инвестициялар, жумуш менен камсыз кылуу жана келерки мезгилдеги максаттарына байланыштуу өткөрүлгөн жыйында сөз сүйлөп : «Жакынкы Чыгыштан эрте мененки учак менен келип соодасын кылган кардарларыбыз бар. Мунун март айынан кийин дагы да артарын күтүүдөбүз»,- деди.

Кытайлык бир кишинин 90 миң евролук баалуу таш алгандыгын белгилеген Шенхер : «Жакынкы Чыгыштан бир кардарыбыз 50 миң евролук саат алды. Ыраакы Чыгыштан бир кардарыбыз 3 миң 500 еврого бир крем алды. Кымбат соодага Кытай, Жакынкы Чыгыш менен Ыраакы Чыгыш багыт алууда. Алардан кийин Америка менен Британия келүүдө»,- деди.

 



Тектеш кабарлар