Качкындар үчүн 7,7 миллиард долларлык милдеттенме
Дүйнөлүк качкындар форуму аяктады.
![Качкындар үчүн 7,7 миллиард долларлык милдеттенме](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/50e8/1f2e/275c/5dfb006c48027.jpg?time=1718813041)
БУУнун качкындар боюнча жогорку комиссарлыгы, Түркия дагы теңтөрагасы болгон Дүйнөлүк качкындар форумундагы биринчи талдоолордун 7,7 миллиард долларлык милдеттенме алынгандыгын көрсөткөнүн билдирди.
Швейцариядагы БУУнун Женева кеңсесинде мурунку күнү башталган жана Түркия менен катар Пакистан, Косто-Рика, Эфиопия жана Германия теңтөрагалык кылган форум аяктады.
БУУнун качкындар боюнча жогорку комиссарлыгынын жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Дүйнөлүк банк тобу тарабынан качкындар жана аларды кабыл алган өлкөлөрдөгү менчик секторго колдоо көрсөтүлүшү жана жаңы жумуш орундарын түзүү үчүн 4,7 миллиарддан ашуун каражат бөлүүгө убада берилгендиги кабарланды.
Дүйнөнүн жалпысында 25 миллион 900 миң качкындын бар экендиги баса белгиленген билдирүүдө: «Менчик сектор, өз жеринен ажырыган кишилер үчүн ушул учурга чейинки эң чоң милдеттенмени алды»,-делди.
Билдирүүгө караганда ушундайча форумдагы жалпы кайрымдуулук милдеттенмеси 7,7 миллиард доллардан ашкан болду.
Тектеш кабарлар
![Түркиянын косметика экспортунда өсүү](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/aead/90ba/6268/667298499fbb9.jpg?time=1718813041)
Түркиянын косметика экспортунда өсүү
Түркиянын косметика тармагынын былтыркы экспорту 1 миллиард доллардан ашты.
![Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/e6ba/590e/d2a2/66715dd0cba44.jpg?time=1718813041)
Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди
Кеме кечинде райондон чыгып, Айдындын Кушадасы портуна барат.