Түркиянын экономикасына карата божомолдоолор
Түркия Кытай жана Индия сыяктуу дүйнөдөгү эң ылдам өскөн экономикаларды артта калтырмакчы.
Түркия 2020-жылы экономикасы эң көп өскөн өлкө болушу күтүлүүдө.
Чет элдик экономисттер катышкан Bloomberg сурамжылоосуна караганда Түркия өсүү көрсөткүчүндө эң позитивдүү өлкө болду.
Түркия Кытай жана Индия сыяктуу дүйнөнүн эң ылдам өскөн экономикаларын артта калтырып, 2020-жылы эң көп өсүшү күтүлгөн өлкө болду.
Аналитиктердин орто эсеп менен 65 пайызы Түркиянын экономикасы 2020-жылы өсөөрүн божомолдошту.
Өсүү жагынан экинчи орунда Бразилия орун алды.
Мексика менен Индонезия дагы өсүшү күтүлгөн өлкөлөрдүн арасында.
Түркиянын экономикасы жылдын үчүнчү чейрегинде 0,9 пайыз өстү.
Тектеш кабарлар
Түркиянын косметика экспортунда өсүү
Түркиянын косметика тармагынын былтыркы экспорту 1 миллиард доллардан ашты.
Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди
Кеме кечинде райондон чыгып, Айдындын Кушадасы портуна барат.