Түркия менен Орусия соодада улуттук акчасын колдонот
Орусиянын Каржы министрлигинин жарыясында Түркия менен Орусиянын ортосундагы соода-сатыкта улуттук акча бирдиктеринин колдонулушуна карай 4-октябрда келишимге кол коюлганы белгиленди.
![Түркия менен Орусия соодада улуттук акчасын колдонот](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/70a5/f98f/31cc/5d6fbf4b06fd3.jpg?time=1718833113)
Түркия менен Орусия улуттук акчасын колдонууну арттырат.
Орусиянын Каржы министрлигинин жарыясында Түркия менен Орусиянын ортосундагы соода-сатыкта улуттук акча бирдиктеринин колдонулушуна карай 4-октябрда келишимге кол коюлганы белгиленди.
Анда, казына жана каржы министри Берат Албайрак менен Орусиянын вице-премьери жана каржы министри Антон Силуановдун ортосунда кол коюлган келишим менен эки өлкөнүн ортосундагы соодада баскычтуу түрдө рубль жана лира колдонулушунун арттырыла турганы белгиленди.
Келишим менен ылайыктуу финансылык базис түзүлө турганын белгилеген жарыяда, эки өлкөнүн акча бирдиктеринин соода мекемелери багытындагы ыңгайллулугунун да арттырыла турганына белги берилди.
Бул келишим аркылуу Түрк банктарынын Орусиянын SWIFT альтернативи болгон SPFSке (финансылык СМС ситемасы) байланышынын жана Орусиянын MIR карточкасынын Түркияда колдонулушунун кеңейтиле турганынын маалыматына орун берилди.
Орусия жана Түркиянын улуттук финансы жеткирүү системаларынын башка өлкөлөргө ачылуусун уюштурууну дагы пландаганы маалымдалды.
Тектеш кабарлар
![Түркиянын косметика экспортунда өсүү](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/aead/90ba/6268/667298499fbb9.jpg?time=1718833113)
Түркиянын косметика экспортунда өсүү
Түркиянын косметика тармагынын былтыркы экспорту 1 миллиард доллардан ашты.
![Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/e6ba/590e/d2a2/66715dd0cba44.jpg?time=1718833113)
Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди
Кеме кечинде райондон чыгып, Айдындын Кушадасы портуна барат.