Евробиримдикке кирген өлкөлөр кофе үчүн 7,8 миллиард евро сарпташты

Бул өлкөлөргө кофе экспорттогон өлкөлөрдүн башында Бразилия турат.

1279718
Евробиримдикке кирген өлкөлөр кофе үчүн 7,8 миллиард евро сарпташты

Европа Биримдигине мүчө 28 өлкө 2018-жылы жалпы 7 миллиард 826 миллион евролук кофе импорттоду.

Европанын статистика кызматы (Eurostat) 1-октябрь Эл аралык кофе күнүнөн улам кофенин импортунун көрсөткүчтөрүн жарыялады.

Буга караганда Европа Биримдигине мүчө 28 өлкө 2018-жылы 3 миллион 73 миң тонналык кофе импорттосо буга жалпы 7 миллиард 826 миллион евро сарпталды.

Бул мезгилде Германия 1 миллион 99 миң тонна, Италия 587 миң тонна, Бельгия 277 миң тонна, Испания 260 миң тонна, Франция 220 миң тонна жана Англия 193 миң тонна кофе импорттоду.

Евробиримдикке кирген өлкөлөргө кофе экспорттогон өлкөлөрдүн башында Бразилия турат.

Бразилия 2018-жылы Европа Биримдиги өлкөлөрүнө 901 миң тонна кофе экспорттоду.

Бразилиядан кийин 770 миң тонна менен Вьетнам, 228 миң тонна менен Гондурас, 173 тонна менен Калумбия жана 161 миң тонна менен Уганда турат.



Тектеш кабарлар