Жемиш ширеси экспорту

Түркиянын жемиш ширесинин экспорту жылдын биринчи жарымында 150 миллион долларга жакындады.

1250951
Жемиш ширеси экспорту

Түркиянын жемиш ширесинин экспорту жылдын биринчи жарымында 150 миллион долларга жакындады.

Стамбул мөмө, жашылча- жемиш экспортчулар биримдигинин маалыматтарына караганда жылдын биринчи алты айында жемиш ширеси жана консентрат экспорту 2, 8 пайыздык өсүү менен 144, 3 миллион доллардан 148, 4 миллион долларга чыкты.

Түркия өткөн жылдын ошол эле мезгилинде 85, 1 миң тонна жемиш ширеси жана консентрат экспорттогон болсо бул сан бул жылдын биринчи жарымында 95, 6 миң тоннага жетти.

Эң көп экспорттолгондор алма ширеси, жүзүм ширеси, ананас ширеси.

АКШга жылдын биринчи жарымында 55, 3 миллион долларлык жемиш ширеси экспорттолду. Бул тармакта өткөн жылдын ушул эле мезгилине караганда 77 пайыздык өсүү болду.

АКШга жасалган жемиш ширеси жана консентрат экспорту көлөмү жактан 156 пайыздык өсүү менен 14, 5 миң тоннадан 37, 1 миң тоннага чыкты.

Экспортто АКШдан кийин 20, 6 миллион доллар менен Нидерландия, 8, 7 миллион доллар менен Түштүк Корея, 7, 1 миллион доллар менен Италия, 4, 8 миллион доллар менен Британия келди.



Тектеш кабарлар