Орусия соода согуштарынын таасирлерин жеңилдетүү үчүн кандай чара көрүүдө?
Максим Орешкин журналисттерге маалымат берди.
Орусиянын экономикалык өнүктүрүү министри Максим Орешкин, соода согуштарынын себебинен келип чыккан таасирлерди жеңилдетүү үчүн Кытай жана араб өлкөлөрү менен тыгыз иштешип жаткандарын айтты.
Орешкин, Орусиянын Горно-Алтайск шаарында журналисттерге берген маалыматында, АКШ менен Кытайдын ортосунда кайрадан күч алган соода согуштарынын орус экономикасына карай таасирлерине баа берди.
Соода согуштарынын орус экономикасында да чектөөчү таасирлерди жарата турганын белгилеген Орешкин: «Бирок баардык нерсе биздин колубузда. Ички өнүгүүбүзгө жана тышкы базарлардагы мүмкүнчүлүктөргө багыт алышыбыз керек»,-деди.
Орешкин дүйнөлүк экономикадагы акырындоонун орус экономикасындагы таасирин жеңилдетүү үчүн иш аракеттерди жасап жаткандарын түшүндүрүп: «Дүйнөлүк экономикадагы акырындоого карабастан, Орусиянын глобалдык базар экономикадагы үлүшүн көбөйтүү үчүн Кытай жана араб өлкөлөрү менен тыгыз иштешип жатабыз. Ушундайча соода согуштарынын таасирлерине бөгөт болуудабыз»,-деп айтты.
Бейшемби күнү АКШнын президенти Дональд Трамп Кытайдан импорттолгон 300 миллиард долларлык товарга 10 пайыздык салык киргизгенин билдирген.
Кытайдын Соода министрлиги болсо АКШнын чечиминен кийин кытайлык ишканалардын АКШдан айыл чарба азыктарын сатып алууларынын убактылуу токтотулгандыгын жарыялаган болчу.
Тектеш кабарлар
Түркиянын косметика экспортунда өсүү
Түркиянын косметика тармагынын былтыркы экспорту 1 миллиард доллардан ашты.
Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди
Кеме кечинде райондон чыгып, Айдындын Кушадасы портуна барат.