Дүйнөнүн эң чоң парустуу кемеси Аланияда...

Грециянын Кос аралынан чыккан Франциянын желеги илинген кеме 291 жүргүнчүсү  менен Аланиянын жээк сууларына келди.

1249659
Дүйнөнүн эң чоң парустуу кемеси Аланияда...

Дүйнөнүн эң чоң парустуу кемелеринен «Club Med 2» 291 жүргүнчүсүсү менен Антальянын Алания районунун жээк сууларына якорун түшүрдү. Грециянын Кос аралынан чыккан Франциянын желеги илинген кеме 291 жүргүнчүсү  менен Аланиянын жээк сууларына келди.

Бул жерге токтогон кемедеги жүргүнчүлөр кайыктар менен портко өткөрүлдү. Паспорт текшерүүсү бүткөрүлгөндөн кийин тур автобустарына түшкөн жүргүнчүлөр шаардын тарыхый жана туристтик аймактарына алып барылды.

Дүйнөнүн эң чоң парустуу жүргүнчү кемелеринен узундугу 187 метр, кеңдиги 20 метр болгон кеменин кечинде Финике портуна бет ала турганы белгилүү болду. Кемеде жүргүнчүлөрдөн тышкары 253 экипаж да бар.


Этикеткалар: #Алания , #парустуу кеме

Тектеш кабарлар