Түркиянын автомобиль экспорту 5 пайызга артты

Түркиянын автомобиль экспортунун көрсөткүчтөрү.

1247556
Түркиянын автомобиль экспорту 5 пайызга артты

Июль айында 2,9 миллиард доллардык  экспорт кылып эң алдыңкы орунду алган Түрк автомобиль секторунун чет өлкөлөргө сатуулары өткөн жылга салыштырмалуу 5 пайызга артты.

Улудаг автомобиль индустриясы экспортчулар биримдигинин жазуу түрүндөгү жарыясына караганда автомобиль секторунда июль айында жасалган экспорт, өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 5 пайызга артып 2,9 миллиард долларга жетти.

18 пайыздык үлүш менен Түркиянын экспортунда биринчи орунда турган автомобиль индустриясынын экспортунун орто эсеби январь-июль мезгилинде 2,6 миллиард долллар болду.

Ай менен алып караганда эң көп экспорт жасалган өлкө Германияга 5 пайыздык өсүү болуп 414 миллион долларга жетти.

Франция июль айында катталган 20 пайыздык өсүү жана 386 миллион доллар саны менен эң чоң экинчи базар болду.

Ошондой эде Италияга жасалган экспорт дагы 6 пайыздык өсүү менен 269 миллион доллар болду.


Этикеткалар: #экспорт

Тектеш кабарлар