АКШ үч өлкөгө курал сатат
Анын жалпы суммасы 1,5 миллиард долларды түзөт.
![АКШ үч өлкөгө курал сатат](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/d847/5c9f/a82d/5c793b846ae2f.jpg?time=1718938261)
Америка башкаруучулугу Египет, Түштүк Корея жана Канадага жалпы 1,5 миллиард долларлык курал сатууга макулдук берди.
АКШнын Коргоо министрлигине (Пентагон) караштуу коргоо жана коопсуздук боюнча агенттигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Мамлекеттик катчылыктын ыктымалдуу курал сатууга макулдук бергендиги темасында Конресстин маалыматтандырылгандыгы белгиленди.
Үч башка пакет түрүндө бекитилген курал соодасынын ар бири үчүн Конгресске өз-өзүнчө кат жөнөткөн агенттик Египет, Түштүк Корея жана Канадага жалпы 1,5 миллиард долларлык курал сатууга макулдук берилгенин билдирди.
Буга караганда, Египеттин 554 миллион долларга «Оливер Хазард Перри» үлгүсүндөгү согуштук кемелер, FMC ракеталык кемелер жана MHC/CMH мина издөөчү кемелер үчүн техникалык колдоо менен катар 25 жана 28 метрдик эки ылдам сүзүүчү күзөт катерин сатып ала турганы белгиленди.
Түштүк Кореянын болсо 950 миллион долларга 30 даана RQ-4 Block үлгүсүндөгү учкучсуз учак үчүн тылдык колдоо, машыктыруу, байланыш шаймандары, бөлүк жана жаңылоо жагынан колдоо ала тургандыгы маалымдалды.
Ал эми Канаданын 44 миллион долларга 152 даана MIDS-JTRS үлгүсүндөгү өнүктүрүлгөн аскердик байланыш аппараттары, техникалык колдоо жана бөлүктөрүн сатып ала тургандыгы билдирилди.
Тектеш кабарлар
![Түркиянын косметика экспортунда өсүү](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/aead/90ba/6268/667298499fbb9.jpg?time=1718938261)
Түркиянын косметика экспортунда өсүү
Түркиянын косметика тармагынын былтыркы экспорту 1 миллиард доллардан ашты.
![Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/e6ba/590e/d2a2/66715dd0cba44.jpg?time=1718938261)
Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди
Кеме кечинде райондон чыгып, Айдындын Кушадасы портуна барат.