Түркиядан Кытайга фындык экспорту рекордду багындырды

Кытай Элдик Республикасынын алдыңкы азык-түлүк жана талаа чарба фирмаларынан COFCO Sundryнин жооптуу кызматкерлери, Түрк фындык сектору жана фындык иштетүү иш-аракеттерин иликтеди.

1245127
Түркиядан Кытайга фындык экспорту рекордду багындырды

Түркиядан Кытайга жасалган фындык экспорту рекорддук деңгээлге жетти.

Кытай Элдик Республикасынын алдыңкы азык-түлүк жана талаа чарба фирмаларынан COFCO Sundryнин жооптуу кызматкерлери, Түрк фындык сектору жана фындык иштетүү иш-аракеттерин иликтеди.

Кара деңиз экспортчулар ассамблеясынын (KİB) башкы катчылыгынан жазуу түрүндө берилген маалыматта, Түркиядан маанилүү көлөмдө фындык экспортун ишке ашырган  COFCO тобуна караштуу COFCO Sundry фирмасына карай Атайын сапаттуу сатып алуу делегациясынын программасы ишке ашырылганы белгиленди.

Соода министрлиги Түркия экспортчулар ассамблеясы жана Кара деңиз экспортчулар ассамблеясынын (KİB) баш катчылыгынын кызматташтыгы менен ишке ашырылган программада, өлкөгө чакырылган COFCO Sundry башкы мүдүрүнүн орун басары жана аларды коштогон делегациянын Гиресунда эки тараптуу жолугушууларды ишке ашырганын белгилеп: “Кытайлык фирманын жооптуу кызматкерлери, аймагыбыздагы фындык экспортчулары менен жолугуп жаңы иш байланыштарын ишке ашырды жана фындык иштетүүчү ишканаларга барып Түрк фындык сектору менен фындык иштетүү иш-аракеттери тууралуу кеңири маалыматтарды алды”,-деп жазды.

Анда, Кытайдын фындык экспортчуларынын негизги максатталган өлкөлөрдөн бири болгону баса белгиленип: “Кытай Эл Республикасы, экспортчулар биримдиктери тарабынан көп жылдар атайын жүргүзүлгөн таанытуу иш-аракеттеринин негизинде эң көп фындык экспорттогон алдыңкы 10 өлкөнүн катарына кирген болуп, кытайлык фирмаларга карай ушундай ыкмадагы иш-аракеттер менен аты аталган өлкөгө карай фындык экспортубуз жылдык 10 миң тонна деңгээлине жеткирилиши жана Кытай Эл Республикасынын эң чоң 5 алуучу өлкө арасында орун алуусу максатталууда”,делди.

Кытайга ишке ашырылган экспорттогу өсүүнүн, 2018-2019 экспорт сезонунда да уланганына шилтеме берилген жарыяда, “2019-жылдын июль айына чейин Кытай Эл Республикасына 8 миң тонна фындык экспорттолуп 58 миллион доллардык киреше келгенин жана сезондун бүтөөрүнө бир ай калса дагы эмитеден бардык убактардын эң жогорку санына жетип рекорд багындырылды”,делди.



Тектеш кабарлар