Элчи Өмүралиев менен Хисаржыклыоглу соода жана инвестиция боюнча пикир алмашты

Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Толук Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын соода өнөр жай палаталары жана товардык биржалары биримдигинин (ТОББ) төрагасы Рифат Хисаржыклыоглу менен жолугушту.

1235602
Элчи Өмүралиев менен Хисаржыклыоглу соода жана инвестиция боюнча пикир алмашты

Үстүбүздөгү жылдын 10-июлунда Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Толук Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын соода өнөр жай палаталары жана товардык биржалары биримдигинин (ТОББ) төрагасы Рифат Хисаржыклыоглу менен жолугушту.

Аталган жолугушуунун алкагында тараптар соода-экономикалык жана инвестиция тармактарындагы кызматташууну талкуулады.

Тараптар 17-18-июлда өтүүчү Кыргыз-Түрк Өкмөттөр аралык соода-экономикалык кызматташуу боюнча комиссиясынын 9-отурумунун алкагында түрк бизнесмендерин Кыргызстандагы инвестициялык акыбал жана кыргыз мамлекеттик-жеке менчик партнерлук проекттери боюнча маалымат берүү үчүн тегерек үстөл уюштурууну макулдашышты.

Элчи Кубанычбек Өмүралиев Р.Хисаржыклыоглуна «Ысык-Көл 2019» Эл аралык экономикалык форумга катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин чакыруу катын берди. Президент Р.Хисаржыклыоглу аталган форумга катышууга даярдыгын билдирди жана ТОББ Кыргыз Республикасына түрк бизнесмендеринен турган делегацияны жиберээрин белгиледи. Мындан тышкары тараптар Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун үстүбүздөгү жылдын 4-чейрегинде өтүүчү расмий сапарынын алгакында Бизнес-форум уюштуруу жөнүндө макулдашышты.

Маалымат иретинде: Түркиянын соода өнөр жай палаталары жана товардык биржалары биримдиги (ТОББ) өлкөдөгү пайда алууну көздөбөгөн жана өкмөттүк органдарда жеке сектордун кызыкчылыктарын коргогон эң чоң бейөкмөттүк уюм. Түркия Республикасынын Улуттук мыйзамдарына ылайык Түркиянын палаталарына жана биржаларына мүчө болуу бул милдет.

Учурда 365 аймактык соода, өнөр-жай, деңиз палаталары жана товардык биржалары ТОББнын мүчөсү болуп, алардын алкагында 1,5 млн. ашык түрк компаниялары иштейт.



Тектеш кабарлар