Түркия менен Орусия соода көлөмүн 100 миллиард долларга жеткирүү үчүн чамдап жатат

Орусиянын Екатеринбург шаарында башталган жана Түркия быйыл өнөктөш өлкө болгон INNOPROM Эл аралык өнөр жай жарманкесинин алкагында тышкы экономикалык байланыштар кеңеши (DEİK) тарабынан Түркия-Орусия өнөр жай форуму уюштурулду.

1232389
Түркия менен Орусия соода көлөмүн 100 миллиард долларга жеткирүү үчүн чамдап жатат
manturov innoprom.jpg
Turk-Rus sanayi forumu.jpg

Өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк, өнөр жайдын күчүнө күч кошуу жана атаандаштыкты арттырыш үчүн өндүрүштө структуралык реформаны ылдамдаткандарын белгилеп өттү.

Орусиянын Екатеринбург шаарында башталган жана Түркия быйыл өнөктөш өлкө болгон INNOPROM Эл аралык өнөр жай жарманкесинин алкагында тышкы экономикалык байланыштар кеңеши (DEİK) тарабынан Түркия-Орусия өнөр жай форуму уюштурулду.

Форум, министр Варанк, Орусиянын өнөр жай жана соода министри Денис Мантуров, Орусия Федерациясына караштуу Татарстан Автономиялуу Республикасынын президенти Рүстем Минниханов, соода министринин орун басары Гонжа Йылмаз Батур жана DEİK Түркия-Орусия Иш кеңешинин төрагасы Тунжай Өзилхандын катышуусунда ишке ашты.

Варанк бул жердеги сөзүндө Түркия жана Орусиянын ортосундагы карым-катнаштарды эки өлкөнүн лидерлеринин ортосундагы жакын диалог жана күчтүү саясий эрк аркылуу дагы илгериге алып баруу темасында чечкиндүү болгондорун айтты.

Түркия үчүн Орусиянын маанилүү соода өнөктөшү болгонун баса белгилеген Варанк, эки өлкөнүн ортосундагы соода көлөмүнүн өткөн жылга салыштырмалуу 15 пайыздык өсүү көрсөткөнүн белгилеп, максаттарынын 100 миллиард долларга жетүү болгонун белгиледи.

Түркия жана Орусиянын ортосундагы түздөн-түз инвестициялардын артышын каалагандарын баса белгилеген Варанк, стратегиялык өнөктөштүктүн тереңдетилиши үчүн эки өлкөнүн демилгечилери жана инвесторлорунун дагы көп шыктандырылышы керектигин түшүндүрдү.

Орусиянын өнөр жай жана соода министри Мантуров да өз сөзүндө Орусия жана Түркиянын ортосундагы соода карым-катнаштарынын акыркы жылдарда ырааттуу түрдө өнүккөнүн айтып, Түркия менен кызматташтыкты дагы өнүктүрүү үчүн ар түрдүү колдоону көрсөтүүгө даяр болгондорун билдирди.

Сөз сүйлөөлөрдөн кийин Түркия жана Орусиянын мекеме, уюм жана фирмаларынын ортосунда кызматташтык келишимдерине кол коюлду.

 



Тектеш кабарлар