Экспорттун көлөмү өстү

Экспорт апрель айында өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 4,6 пайыз өстү.

1211854
Экспорттун көлөмү өстү

Түркиянын экспорту апрель айында өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 4,6 пайыз өсүп 14 миллиард 480 миллион долларга жетти.

Түркиянын статистика мекемеси менен Соода министрлиги тарабынан түзүлгөн апрель айына карата убактылуу соода көрсөткүчтөрү жарыяланды.

Буга караганда, экспорт апрель айында өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 4,6 пайыз менен 14 миллиард 480 миллион доллар болду.

Бул мезгилде тышкы соода кемчилиги 55,6 пайыз азайып 2 миллиард 982 миллион долларга кыскарды.

Экспорттун импортту толуктоо катышы өткөн жылдын апрель айында 67,4 пайыз болсо, быйылкы жылдын тийиштүү айында 82,9 пайызга жетти.

Апрель айында Германия 1 миллиард 243 миллион доллар менен эң көп экспорт кылынган өлкө болду.

Андан кийин 819 миллион доллар менен Улуу Британия, 777 миллион доллар менен Италия, 754 миллион доллар менен Ирак турат.



Тектеш кабарлар