Эл аралык GS1 уюштуруусу Стамбулда өтөт

Стамбулдагы Чыраган сарайында эртең баштала турган жыйналышка 90 өлкөдөн 286 ишкер катышат.

1204806
Эл аралык GS1 уюштуруусу Стамбулда өтөт

Соода өнөктөштөрүнүн арасындагы кызматташтыкты өнүктүрүү жана камсыздоо чынжырынын таасирин арттыруу максаттуу стандарттар жана чечүүчү жолдорду өнүктүргөн «Эл аралык GS1 уюштуруусу» быйылкы башкы ассамблеясынын жыйынын Стамбулда өткөрөт.

Түркия палаталар жана биржалар биримдигинин (ТОВВ) жарыясына караганда «глобалдык стандарттардын дүйнөлүк стратегиясы» карала турган жыйналыш, соода министри Рухсар Пекжан, GS1 Түркиянын куруучусу ТОВВ башчысы Рифат Хисаржыклыоглу, Мигрос Түрк акционердик коомунун башкы директору Өзгүр Торт, GS1 Башкаруу кеңешинин төрагасы жана Johnson&Johnson фирмасынын башчы орун басары Кэтрин Венгель менен GS1 башкы директору Мигель Лоперанын ачылыш сөз сүйлөөлөрү менен башталат.

GS1 Түркия кожоюндук кыла турган жыйналышка Alibaba, Walmart, Nestle, Procter&Gamble жана Loreal сыяктуу фиралардын жогорку рангадагы өкүлдөрү катышат.

Стамбулдагы Чыраган сарайында эртең баштала турган жыйналышка 90 өлкөдөн 286 ишкер катышат.

Эл аралык GS1 иш-чарасы 1973-жылы АКШда, 1977-жылы Европада курулган эки уюмдун 2005-жылы Бельгияда жайгашкан бир борбордун астына бириктирилиши менен пайда болду.

..иш-чарасы, чечүүчү жол жана стандарттарды 112 мүчө өлкөнүн уюштуруу каналы аркылуу дүйнөдөгү бүткүл фирмалардын тейлөөсүнө сунуштайт. ..Түркия, 2017-жылдан тарта Франция, Италия, Улуу Британия, Швеция, Австрия, Испания, Польша, Чехия, Нидерландия жана Германия менен GS1 Европа аймагынын башкаруу кеңешинин мүчөсү.

 

 



Тектеш кабарлар