Түркиядан 105 өлкөгө фундук сатылды

Түркия эң көп Италияга фундук сатты.

1198940
Түркиядан 105 өлкөгө фундук сатылды

Түркиядан быйылкы жылдын биринчи 4 айында Италия, Германия жана Франция менен катар жалпы 105 өлкөгө фундук сатылды.

Чыгыш Кара деңиз экспортчулар бирикмесинин көрсөткүчтөрүнө караганда, жылдын январь-апрель мезгилинде 93 миң 437 тонна фундук экспорттолуп андан 570 миллион 178 миң 85 долларлык киреше түштү.

Фундук экспорту бул мезгилде өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу көлөм жагынан 4 пайыз, баасы жагынан 2 пайыз өстү.

Экспортто 148 миллион 997 миң 996 доллар менен Италия биринчи орунду ээледи.

Бул өлкөдөн кийин 105 миллион 81 миң 101 долларлык экспорт менен Германия жана 51 миллион 368 миң 290 долларлык экспорт менен Франция турат.



Тектеш кабарлар