Түркиянын максаты көгүлтүр желектүү плаж санында дүйнө биринчиси болуу

Көгүлтүр желектүү пляждардын саны боюнча Анталья биринчи орунда турат.

1184324
Түркиянын максаты көгүлтүр желектүү плаж санында дүйнө биринчиси болуу

8 миң 333 километрдик жээк тилкесине эгедер Түркияда, 2023-жылы көгүлтүр желек санынын көбөйтүлүшү үчүн Экология жана шаар пландоо министрлиги тарабынан атайын иш алып барылууда.

Түркия 459 көгүлтүр желектүү пляж менен түндүк жарым шар өлкөлөрү арасында Испания (590) жана Грециядан (519) кийин үчүнчү орунда турат. Түркиядан кийин 399 көгүлтүр желек менен Франция жана 368 көгүлтүр желек менен Италия орун алган.

Көгүлтүр желектүү пляждардын саны боюнча Анталья (200) биринчи орунду ээлесе, Мугла (100) экинчи, Измир (52) үчүнчү орунда турат.

Түркиянын 2023-жылга карата максаты көгүлтүр желектүү плаж санында дүйнө биринчиси болуу.

Көгүлтүр желек үчүн көл же деңиздин суусунун тазалыгы 15 күндө бир текшерилип турат. Муну эл аралык уюмдар ишке ашырат.

Көгүлтүр желек, 44 өлкөдө иш алып барган Эл аралык экологиялык билим берүү фонду тарабынан белгилүү критерийлерге ээ болгон пляж жана мариналарга берилүүчү сыйлык болуп саналат.



Тектеш кабарлар