Дүйнөдөгү эң чоң учак учту
Ракета учуруучу фирма «Stratolaunch» тарабынан өнүктүрүлгөн «Roc» аттуу учак, АКШнын Калифорния штатындагы Можаве аэропортунан алгачкы сыноо учуусун ишке ашырды.
![Дүйнөдөгү эң чоң учак учту](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/fbbd/8c45/975e/5cb2f61055247.jpg?time=1719068084)
Дүйнөдөгү эң чоң учак «Roc» учту.
Ракета учуруучу фирма «Stratolaunch» тарабынан өнүктүрүлгөн, канатынын узундугу 117 метр, салмагы 226 тонналык «Roc» аттуу учак, АКШнын Калифорния штатындагы Можаве аэропортунан алгачкы сыноо учуусун ишке ашырды.
«Stratolaunch» фирмасынын космостук изилдөөлөрүндө колдонуу үчүн өнүктүргөн, кош борту жана 6 даана Boeing 747 мотору орун алган учактын бүгүн ишке ашкан алгачкы учуусунун видеосу жарыяланды.
Учуу 150 мүнөткө созулду жана учак коопсуз түрдө жерге конду.
«Stratolaunch» фирмасынын СЕОсу Жен Флойд: «Жеке өзүм тарабынан айтканда бул көркөмдүү куштун учушун байкоо мен үчүн өзгөчө сезимди жараткан учур болду»,-деди.
250 тонна жүк ташыла турган жана космостук изилдөөлөрдө колдонуш үчүн долбоорлонгон учак, ракеталарды орто эсеп менен 10 км жогору жакка алып барып ал жерден космоско учурат, спутниктердин орбитага дагы ылайыктуу жана түшүмдүү түрдө ташылышын камсыздайт.
Тектеш кабарлар
![Түркиянын косметика экспортунда өсүү](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/aead/90ba/6268/667298499fbb9.jpg?time=1719068084)
Түркиянын косметика экспортунда өсүү
Түркиянын косметика тармагынын былтыркы экспорту 1 миллиард доллардан ашты.
![Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/e6ba/590e/d2a2/66715dd0cba44.jpg?time=1719068084)
Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди
Кеме кечинде райондон чыгып, Айдындын Кушадасы портуна барат.