Түркия менен Орусиянын ортосундагы эки тараптуу карым-катнаштар туу чокуга жетүү чегинде турат

Орусиянын Анкарадагы элчиси Алексей Ерхов, Эскишехирдин губернатору Өздемир Чакажактын кызмат орунуна барып жолукту.

1152138
Түркия менен Орусиянын ортосундагы эки тараптуу карым-катнаштар туу чокуга жетүү чегинде турат

Орусиянын Анкарадагы элчиси Алексей Ерхов, Түркия менен Орусиянын ортосундагы эки тараптуу карым-катнаштардын туу чокуга жетүү чегинде экенин айтты.

Эскишехирдин губернатору Өздемир Чакажактын кызмат орунуна барып жолуккан Ерхов: «Түркия менен Орусиянын ортосундагы эки тараптуу карым-катнаштар жогорулап баратат. Президент Режеп Таййип Эрдоган менен Орусия Федерациясынын мамлекет башчысы Владимир Путин тез-тез жолугуп жемиштүү жыйналыштарды өткөрүп жатышат. Орус-Түрк карым-катнаштары жана кызматташтыгыбызды күчтөндүрүш үчүн эки мамлекеттин президенттери бизге абдан сонун үлгү көрсөтүүдө. Бул кызматташтык аймак калктарынын аралашуусу менен мүмкүн болот. Анткени аймактар аралык кеңешүүлөр абдан маанилүү»,-деп айтты.

Губернатор Чакажак да Түркия-Орусия карым-катнаштарынын негизинин кылымдар мурдагысына таянганын эске салып, түптүү өтмүшкө ээ болгон эки дос өлкөнүн учурубузда бир топ аймактык жана эл аралык темада жакын кызматташтыкта иштегенине басым жасады.

Акыркы жылдарда экономика жана туризмден баштап бир топ тармакта кызматташтык канагаттанаарлык деңгээлде болгонун түшүндүргөн Чакажак: «Ар бир эки өлкөнүн да карым-катнаштарды дагы да илгерилетүү ниетинде болуулары элдерибиз тарабынан канагаттануу менен кабыл алынууда. Өлкөлөрүбүз Сирия кризисинин чечилигшинде, Аккую атомдук электр станциясынын салынышында, Түрк агымы долбоорунда, С-400 ракеталык корнонуу системасы келишиминде жолдорун чечкиндүү улантышы, карым-катнаштарыбыздын оң багытта кетишине күчтүү түрткү болууда»,-деп айтты.

Губернатор Чакажак: «Өлкөлөрүбүздүн ортосунда максат катары белгиленген 100 миллиард доллардык соода көлөмү, визасыз тартипке өтүү иштери, жыл сайын өлкөбүзгө келген миллиондогон орус турист, үйлөнүүлөр менен өлкөбүзгө жайгашкан орус тектүү атуулдарыбыз карым-катнаштарыбыздын улам тереңдеп өнүгө турганынын белгисин берүүдө»,-деп айтты.

Чакажак, 2019-жылдын «Түркия-Орусия маданият жана туризм жылы» деп жарыяланышынын да элдердин ортосундагы аралашууга чоң салым кошо турганын кошумчалады.

Сөз сүйлөөлөрдөн кийин элчи Ерхов менен губернатор Чакажак, басма сөзгө жабык түрдө сүйлөшүү өткөрүштү.



Тектеш кабарлар