Европанын түрк чайына кызыгуусу артууда

Түркия 42 өлкөгө чай сатты.

1141299
Европанын түрк чайына кызыгуусу артууда

Түркия быйылкы жылдын биринчи айында Германия, Франция жана Нидерландия менен катар 42 өлкөгө чай сатты.

Чыгыш Карадеңиз экспортчулар бирикмесинин (DKİB) көрсөткүчтөрүнө караганда, январь айында 318 тонналык чайдын экспортунан 773 миң 67 доллар пайда түштү.

Ушундайча чай экспорту январда өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу көлөмү жагынан 110 пайыз, ал эми наркы жагынан 102 пайыз өстү.

Январь айындагы чайдын экспортунда 274 миң 515 доллар менен Германия биринчи орунду ээлесе, бул өлкөдөн кийин 165 миң 232 доллар менен Франция, 85 миң 410 доллар менен Нидерландия турат.

Өткөн жылдын тийиштүү мезгилинде 151 тонналык чай экспорттолуп андан 382 миң 617 долларлык пайда түшкөн болчу.



Тектеш кабарлар