Түркиянын экспорту өстү

Түркиянын экспорту 2018 -  жылы декабрь айында жогорулоону улантты.

1136506
Түркиянын экспорту өстү

Түркиянын экспорту 2018 -  жылы декабрь айында жогорулоону улантты.

Түркия Статистика Мекемеси жана соода министрлигинин кызматташуусу менен түзүлгөн  2018 – жылга байланыштуу убактылуу тышкы соода маалыматтары билдирилди.

Өткөн жылдын ушул эле айына караганда 0, 2 пайызга өскөн экспорт 13 миллиард 879 миллион долларга жогорулады.

Импорт 28, 3 пайыздык катнашта азайып 16 миллиард 553 миллион доллар болду. Декабрь айында тышкы соода кемчилиги да азайды.

Экспорттун импортту камсыз кылуу катнашы 83, 8 пайызга жогорулады. Түркиянын Европа Биримдигине болгон экспорту декабрь айында өстү. Эң көп экспорт жасалган өлкө Германия болду.

Германияга декабрь айында 1 миллиард 205 миллион долларлык продукция сатылды.



Тектеш кабарлар