Түркия туздалган бадыраң жана калемпирден киреше табууда

98 өлкөгө экспорттогон туздалган бадыраң жана калемпирден 151 миллион доллардык валюта түштү.

1079917
Түркия туздалган бадыраң жана калемпирден киреше табууда

Түркия, январь-сентябрь мезгилинде 98 өлкөгө экспорттогон туздалган бадыраң жана калемпирден 151 миллион доллардык валюта тапты.

Эгей Экспортчулар биримдигинин жарыясына караганда жылдын 9 айында 98 өлкөгө жасалган туздалган бадыраң экспортунда биринчи орунду 35 миллион доллардык сатып алуу менен Германия ээледи.

АКШга 22,6 миллион доллардык туздалган бадыраң сатылса, Нидерландияга жасалган экспорт 21,7 миллион долларга жетти.

Туздалган бадыраң экспортунун 121 миллион доллардык бөлүмү Эгей аймагынан жасалды.

Аймактан 40 миллион 418 миң доллардык корнишон салаттык туздалган бадыраң, 36 миллион 242 миң доллардык туздалган  ачуу калемпир, 27 миллион 892 миң доллардык туздалган ачуу эмес калемпирдин экспорту ишке ашты.



Тектеш кабарлар