ТИКА Ооганстанда саламаттык сактоо кызматын берип жатат

Ооганстандын түндүгүндө орун алган Шадиан айылында тейлөөгө киргизилген клиника, күнүгө орто эсеп менен 50 бейтапка кызмат кылат.

1061824
ТИКА Ооганстанда саламаттык сактоо кызматын берип жатат

Түркия, Ооганстанда 20 миң кишиге саламаттык сактоо кызматын берип жатат.

Түрк кызматташтык жана координация агенттиги башкармалыгынын (ТИКА) жазуу түрүндөгү жарыясына караганда Ооганстандын түндүгүндө орун алган Мезари Шариф шаарына 60 чакырым узактыкта жайгашкан Шадиан айылында тейлөөгө киргизилген клиника, күнүгө орто эсеп менен 50 бейтапка кызмат кылат.

Аймакта орун алган 20 айылдагы орто эсеп менен 20 миң кишиге саламаттык сактоо кызматын берген клиникада, өзгөчө кыш айларында сел жана суу ташкындары сыяктуу себептерден улам шаар менен байланышы үзүлгөн аймак калкынын негизги саламаттык сактоо муктаждыктарын камсыздап жатат.

Клиникада, терапия, эмдөө, гинекология жана майда хирургиялык операциялар жасалган бөлүмдөр бар.

Айылдарды Мазари Шарифке туташтырган транспорт жолдорунун, кышында кар, жамгыр жана селдин себебинен жабылганын түшүндүргөн аймак калкы, ТИКА салдырган клиниканын саламаттык сактоо кызматтары тууралуу маселелерин жойгонун белгиледи.



Тектеш кабарлар