Бүткүл дүйнөдө долларды колдонууну азайтууга карай кадамдар ташталууда
Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков, борбор калаа Москвада журналисттерге маалымат берди.
Орусия соода тармагында долларды колдонуунун азайтылышы багытында бүткүл дүйнөдө кадамдар ташталып жатканын жарыялады.
Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков, борбор калаа Москвада журналисттерге берген маалыматында акыркы мезгилде Түркия, Орусия жана Кытай сыяктуу өлкөлөрдүн соода тармагында доллар колдонууну азайтууга карай кадамдарына баа берди.
Долларды колдонууну азайтуу темасынын жалгыз гана Москвада талкууланбай эле экенин эске салган Песков: «Бүткүл дүйнөдө көп сандаган өлкө учурда бул тема тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Адистик деңгээлинде жасалган жолугушууларда, эки тараптуу соодада доллардын колдонулушун коопсуз түрдө азайтууга карай кадамдар кеңешилип жатат»,-деп айтты.
Европа, Чыгыш жана Жакынкы Чыгыш сыяктуу аймактарда көп сандаган өлкөнүн бул темада чечкиндүү экенин баса белгилеген Песков: «Азырынча жолдун башында элебиз, бирок бул процесс башталды. Азырынча так пландарыбыз жок, бирок бул тема Орусиянын да күн тартибинде»,-деп айтты.
Долларга карай глобалдык ишенимдин баскычтуу түрдө төмөндөгүнүн белгилеген Песков: «Бул абдан табигый көрүнүш жана АКШнын эл аралык укук жагынан чээнден чыккан жана карама-каршылыктуу кадамдары бул процесске себепчи болду»,-деди.
Тектеш кабарлар
![Түркиянын косметика экспортунда өсүү](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/aead/90ba/6268/667298499fbb9.jpg?time=1718874758)
Түркиянын косметика экспортунда өсүү
Түркиянын косметика тармагынын былтыркы экспорту 1 миллиард доллардан ашты.
![Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/e6ba/590e/d2a2/66715dd0cba44.jpg?time=1718874758)
Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди
Кеме кечинде райондон чыгып, Айдындын Кушадасы портуна барат.