Түркия АКШга жооп кайтарууну улантат
Каржылык рынокторго багытталган чабуулдарга бөгөт коюлду.
![Түркия АКШга жооп кайтарууну улантат](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/204a/064b/8d13/5b76af124009a.jpg?time=1719045451)
Соода министри Рухсар Пекжан Түркиянын АКШнын санкцияларына жооп кайтаргандыгын жана жооп кайтарууну уланта турганын айтты.
Пекжан валюта курсундагы кыймылдуулукка сереп салды.
Каржылык рынокторго багытталган чабуулдарга каршы кошумча чара көрүүлөрдүн негизинде бөгөт болгондорун белгилеген Пекжан: «АКШнын санкцияларына каршылык көрсөттүк жана аны улантабыз»,-деди.
Түркиянын өндүрүш экспортундагы өсүүнүн мурдагыдай эле уланып жатканын баса белгилеген Пекжан: «Убактылуу олку-солкулардын, спекулятивдүү кыймылдардын Түркия экономикасынын реалдуулугуна шайкеш келбегендигин көрүп жатабыз»,-деп айтты.
Пекжан: «Президентибиз Эрдогандын координациясында ар башка министрликтерибиздин чара көрүүлөрүнүн негизинде, каржылык рынокторубузга багытталган чабуулдарга бөгөт коюлгандыгын бардыгыбыз чогуу көрүп жатабыз. Эң кыска мөөнөттүн ичинде экономикабызга тиешелүү көрсөткүчтөр туруктуу деңгээлдерди да көрсөтөт»,-деп сереп салды.
Тектеш кабарлар
![Түркиянын косметика экспортунда өсүү](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/aead/90ba/6268/667298499fbb9.jpg?time=1719045451)
Түркиянын косметика экспортунда өсүү
Түркиянын косметика тармагынын былтыркы экспорту 1 миллиард доллардан ашты.
![Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/e6ba/590e/d2a2/66715dd0cba44.jpg?time=1719045451)
Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди
Кеме кечинде райондон чыгып, Айдындын Кушадасы портуна барат.