Германиялык туристтер Түркиядан баш тартпайт
Түркияга эс алууга келген германиялык туристтердин саны январь-июнь айларынын аралыгында өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 10 пайыз өстү.
Европадагы ири саякат компанияларынан Томас Кук Германия, Түркияга болгон туризм талабынан улам учак орундук санын жайкы мезгил үчүн 25 миң, күз айлары үчүн болсо 6 миң арттырды.
Бул компаниянын жооптуу кызматкерлеринин маалыматына караганда, Түркия быйылкы жайда Испания жана Греция менен бирге немистер эң көп тандаган туристтик жерлер болду.
Томас Кук компаниясынын кызматкерлери, Түркиянын германиялыктар тарабынан эң көп талап кылынган өлкөлөрдүн арасында болушунун себеби катары «табигый азыктар менен камсыздашын жана түрктөрдүн меймандостугун» көрсөтүштү.
Түркияга эс алууга келген германиялык туристтердин саны январь-июнь айларынын аралыгында өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 10 пайыз өсүп, 1 миллион 560 миң 251 киши болду.
Германия Орусиядан кийин Түркияга эң көп турист жөнөткөн өлкө болуп саналат.
Тектеш кабарлар
Түркиянын косметика экспортунда өсүү
Түркиянын косметика тармагынын былтыркы экспорту 1 миллиард доллардан ашты.
Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди
Кеме кечинде райондон чыгып, Айдындын Кушадасы портуна барат.