Туристтер түрк тамактарына 2,5 миллиард доллар төлөштү

Январь-июнь айларынын аралыгында Түркияга 16 миллион чет элдик турист келди.

1025183
Туристтер түрк тамактарына 2,5 миллиард доллар төлөштү

Түркияга жылдын биринчи жарымында келген туристтер тамак-аштары үчүн орто эсеп менен 2,5 миллиард доллар сарпташты.

Түркиянын статистика мекемесинин көрсөткүчтөрүнө караганда, январь-июнь айларынын аралыгында Түркияга 16 миллион чет элдик турист келди.

Бул мезгилде туризм кирешеси орто эсеп менен 11,5 миллиард долларга жетсе, ал сандын 9,4 миллиард долларын чет элдик туристтердин, ал эми 2,1 миллиард долларын болсо чет өлкөдөн келген түрк жарандары сарптаган каражат түздү.

Түркияга келген туристтердин жалпы туризм каражаттарынын 9,5 миллиард доллары жеке өздөрү, 2 миллиард доллары да саякат турлары үчүн сарпталды.

Туристтер тамак-аштары үчүн 2 миллиард 491 миллион доллар сарпташса, андан кийин 1 миллиард 735 миллион доллар менен эл аралык транспорт каражаттары жана 1 миллиард 413 миллион доллар менен коноктоо жайлары турат.

Чет элдик турсттер жана чет өлкөдө жашаган түрк жарандары Түркияда ден-соолугун чыңдоо үчүн 440 миллион доллар сарпташып, өлкөнүн ичиндеги транспортко 757 миллион доллар төлөштү. Туристтердин Түркияда спорт, билим берүү жана маданият үчүн сарптаган каражаттары 135 миллион долларга жетти.

Ошондой эле кийим жана бут кийим үчүн 1 миллиард 350 миллион доллар сарпташса, белек буюмдары үчүн 576 миллион доллар төлөштү. Ал эми килем жана палас сатып алуу үчүн болсо 40 миллион доллар сарпташты.



Тектеш кабарлар