Германиянын өнүгүү банкы Түркия менен кызматташкысы келет

Беллон, Түркия менен финансылык кызматташтык портфелинин 1 миллиард 900 миллион евро болгонун, Түркиядагы баш калкалоочуларга карай долбоорлорго колдоо көрсөтүүлөрүнүн 579 миллион еврого жеткенин айтты.

1025028
Германиянын өнүгүү банкы Түркия менен кызматташкысы келет

Германиянын өнүгүү банкынын Түркия боюнча директору Франк Беллон, экология, климатты коргоо жана сириялык баш калкалоочулардын шайкештиги темаларында Түркия менен каржылык кызматташтыгын өнүктүрүүнү каалагандарын белгилеп кетти.

Беллон, Түркия менен финансылык кызматташтык портфелинин 1 миллиард 900 миллион евро болгонун, Түркиядагы баш калкалоочуларга карай долбоорлорго колдоо көрсөтүүлөрүнүн 579 миллион еврого жеткенин айтты.

Дойче Велленин маалыматына караганда Түркиядагы баш калкалоочуларга берилген жардамдар менен шайкештик жана катышуучулукту колдоону каалагандарын түшүндүргөн Беллон: «Бул процесстен бир гана баш калкалоочулар эмес жергиликтүүлөр да пайдаланышууда. Биз коомдук маселелер жаралышын эмес, коомдук катышуучулукту шыктандырууну каалайбыз»,-деди.

Түркия менен жаңы мезгилде кызматташтыгын дагы да өнүктүрүүнү каалагандарын айткан Беллон: «Жаңы президенттик система жана жаңы кабинет бар. Темаларыбыз туурасында сүйлөшүүчү кишилердин белгилениши, жакшы иштеген кызматташтыгыбыздын да уланышы, биз үчүн маанилүү жана мунун ушундай түрдө ишке аша турганын ойлоодомун. Жаңы өкмөттүн айлана-чөйрө менен климат темаларындагы максаттарын коргоосу биз үчүн маанилүү. Ошондой эле баш калкалоочуларга жардам жагынан Түрк өкмөтүнүн сириялык баш калкалоочуларга жардам жана шайкештигинин колдоого алынышы багытында ушул убакка дейре көрсөткөн чечкиндүүлүгүнүн да улана турганына ишенүүдөбүз. Анткени булар Түркияны колдой турган жана колдоону каалаган тармактарыбыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар