Орусияга мөмө, жашылча - жемиш экспортунда шабдаалы биринчи орунда
Орусияга мөмө, жашылча - жемиш экспортунда 47 миң 542 тонна менен шабдаалы биринчи орунду алды.
![Орусияга мөмө, жашылча - жемиш экспортунда шабдаалы биринчи орунда](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/a6b4/42d7/7360/5b51ad5ea33ea.jpg?time=1718917931)
1 - январь жана 16 - июль айларынын арасында Түркиядан Орусияга 337 миллион 736 миң 532 долларлык мөмө, жашылча - жемиш сатылды.
Чыгыш Кара деңиз экспортчулар биримдигинин маалыматтарына караганда бул мезгилде мөмө, жашылча – жемиш экспорту өткөн жылдын ошол эле мезгилине караганда көлөмү жактан 44 пайыз, баада болсо 64 пайызга өсүү болуп, 337 миллион 736 миң 532 долларга жетти.
Орусияга мөмө, жашылча - жемиш экспортунда 47 миң 542 тонна менен шабдаалы биринчи орунду алды.
Орусияга 1- январь 16 - июль мезгилинде жасалган шабдаалы экспортунан 47 миллион 374 миң 906 доллар киреше тапты.
Өткөн жылдын ошол эле мезгилинде Орусияга 34 миң 371 тонна шабдаалы сатылып, 37 миллион 204 миң 915 доллар киреше түшкөн.
Ушундайча шабдаалы экспорту өткөн жылдын ошол эле мезгилине караганда көлөм боюнча 38 пайыз, баа боюнча 27 пайыздык өсүү көрсөттү.
Тектеш кабарлар
![Түркиянын косметика экспортунда өсүү](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/aead/90ba/6268/667298499fbb9.jpg?time=1718917931)
Түркиянын косметика экспортунда өсүү
Түркиянын косметика тармагынын былтыркы экспорту 1 миллиард доллардан ашты.
![Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/e6ba/590e/d2a2/66715dd0cba44.jpg?time=1718917931)
Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди
Кеме кечинде райондон чыгып, Айдындын Кушадасы портуна барат.