Дүйнө чемпионаты Орусияга чоң киреше алып келди
Чет өлкөлүктөр быйыл Орусияда өткөрүлгөн дүйнө чемпионатында канча доллар сарпташты?
Чет өлкөлүктөр быйыл Орусияда өткөрүлгөн дүйнө чемпионатында орто эсеп менен 1,5 миллиард доллар сарпташты.
Өткөн жылдын тийиштүү мезгилинде Орусияда өткөн Конфедерациялар кубогундо болсо чет өлкөлүктөр орто эсеп менен 700 миллион доллар сарптаса, чемпионат аяктаган чейин чет өлкөлүктөрдүн эң популярдуу жери болгон Москвадагы Никольская көчөсүндөгү ишканалардын кирешеси үч жарым эсе көбөйүп 4 миллион долларга жетти.
Буга чет өлкөлүктөрдүн аты аталган мезгилде сатып алган билеттери жана отел каражаттары кошулбайт.
Быйылкы дүйнө чемпионатына кожоюндук кылган Москва, Санк-Петербург, Сочи, Екатеринбург, Саранск, Ростов, Казань, Калининград, Самара, Волгоград жана Нижний Новгород шаарларын кыдырган чет өлкөлүк туристтердин саны 15 пайыз, ал эми жергиликтүү туристтердин саны болсо 20-25 пайыз өскөндүгү божомолдонууда.
Тектеш кабарлар
Түркиянын косметика экспортунда өсүү
Түркиянын косметика тармагынын былтыркы экспорту 1 миллиард доллардан ашты.
Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди
Кеме кечинде райондон чыгып, Айдындын Кушадасы портуна барат.