Түркиянын пляждарынын 75 пайызы «А» классында

Түркияда сапаты жагынан 75 пайыздык «А» классындагы, 23 пайыздык «В» классындагы жана 2 пайыздык «С» классындагы пляждар бар.

990567
Түркиянын пляждарынын 75 пайызы «А» классында

Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан тейлөөгө киргизилген дүйнөдөгү алгачкы «түшүлө турган сууну байкоо системасы» менен Түркиядагы пляждардын бардык өзгөчөлүктөрү жана суунун сапаты интернет аркылуу байкалса болот.

Буга караганда Түркияда сапаты жагынан 75 пайыздык «А» классындагы, 23 пайыздык «В» классындагы жана 2 пайыздык «С» классындагы пляждар бар.

Элдин саламаттыгы боюнча башкы директор Хүсейин Илтер, башкы директорлук имаратында өткөргөн маалымат жыйынында түшүлө турган сууну байкоо системасы тууралуу маалымат берди.

Түркиянын түшүлө турган аянттары жагынан ылайыктуу өлкө болгонун белгилеген Илтер, ушул алкакта мыйзамдын Европа Биримдиги менен толук шайкеш келтирилгенин айтты.

Түркия ээ болгон пляждардын табигый кооздугунун дүйнөнүн алдыңкы орундарында турганын баса белгилеген Илтер, Элдин саламаттыгы боюнча башкы директорлук катары 34 облустта 1388 пляжды байкагандарын белгиледи.

Илтер, байкалган пляждар тууралуу бардык өзгөчөлүктөрдү дароо «www.yuzme.saglik.gov.tr» адресинен атуулдар менен бөлүшкөндөрүн айтып, сайттын бир гана түрк тилинде эмес 6 башка тилде чыгарылышы бар экенин белгилеп өттү.



Тектеш кабарлар