Түркия 7 пайыздан жогору өсүүнү күтүүдө
Финансы министри Нажи Агбал, Афионкарахисардын соода жана өнөр жай палатасында ишкерлер менен жолукту.
![Түркия 7 пайыздан жогору өсүүнү күтүүдө](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/6783/0606/3ea3/5b1cc64e21088.jpg?time=1719022281)
Түркия биринчи чейректе 7 пайыздан жогору өсүүнү күтүүдө.
Финансы министри Нажи Агбал, Афионкарахисардын соода жана өнөр жай палатасында ишкерлер менен жолукту.
Бул жердеги сөзүндө Агбал, Түркиянын экономикасынын абдан башкача жаңы мезгилге киргенин айтты.
Агбал: «Дүйшөмбү күнү 2018-жылдын биринчи чейректеги өсүүсү жарыяланат. Ар башка божомолдор бар. Биринчи чейректе 7 пайыздан жогору өсүүнү күтүүдөбүз. Түркиянын экономикасында 2017-жылы көрсөтүлгөн күчтүү ийгиликтин 2018-жылы да улантылганын көрүүдөбүз»,-деди.
Түркиянын жолун торогусу келгендердин ушул убакка дейре ийгиликтүү боло алышпагандарын түшүндүргөн Агбал: «Түркия бүгүнкү күндө экспортто рекорддорго баратат. Ай сайын жаңы рекордго баратабыз»,-деди.
Агбал, үстүбүздөгү жылдын биринчи чейрегинин өндүрүү, экспорт, сатуу жана ишеним индекстери катары абдан күчтүү болгонун айтты.
Агбал: «Өзгөчө бизди кубандырган инвестициялардын артышы. Экспортто жана туризмде күчтүү калыбына келүү бар. Бул өсүүгө олуттуу түрдө салым кошууда»,-деди.
Тектеш кабарлар
![Түркиянын косметика экспортунда өсүү](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/aead/90ba/6268/667298499fbb9.jpg?time=1719022281)
Түркиянын косметика экспортунда өсүү
Түркиянын косметика тармагынын былтыркы экспорту 1 миллиард доллардан ашты.
![Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/e6ba/590e/d2a2/66715dd0cba44.jpg?time=1719022281)
Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди
Кеме кечинде райондон чыгып, Айдындын Кушадасы портуна барат.