Түркиядан Орусияга экспорт артты

Түркиядан Орусияга экспорттун чоң көлөмүн жашылча жемиштер ээледи.

984849
Түркиядан Орусияга экспорт артты

Түркиядан Орусияга жасалган экспорт үстүбүздөгү жылдын алгачкы 5 айында өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 61,4 пайызга өсүп 1 миллиард 408 миллион 844 миң долларга жетти. 

Түркиянын Экспортчулар ассамблеясынын көрсөткүчтөрүнө караганда жылдын алгачкы 5 айында Орусияга экспорттун эң чоң көлөмүн жашылча жемиштер ээлеп 263 миллион  628 миң доллар болсо,автомобиль сектору 195 миллион 899 миң доллар менен экинчи орунду ээледи.


Этикеткалар: #Орусия

Тектеш кабарлар