Турист саны 32 пайызга өстү
Апрель айында Орусиядан кийин 254 миң 863 киши менен Германия, 202 миң 26 киши менен Болгария келди.
![Турист саны 32 пайызга өстү](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/a6c5/75d5/21c2/5ab0a86300e50.jpg?time=1718913460)
2018 – жылдын январь - апрель айларында Түркияга келген чет элдик саны 2017 – жылдын ошол эле мезгилине караганда 32, 55 пайызга өстү.
Маданият жана туризм министрлигинен берилген маалыматка караганда чек арадагы кирип - чыгуу статистикалары апрель айында да рекордду улантты.
Түркия чет элдик турист санында 2018 - жылдын январь - апрель айларында 2017 - жылдын ушул эле мезгилине караганда 32, 55 пайызда, апрель айында болсо 2017 - жылдын ушул эле айына караганда 28, 27 пайыздык өсүү катнашына жетишти.
Жылдын биринчи 4 айында 7 миллион 783 миң 967 чет элдик туристти тосуп алган Түркияга апрель айында 2 миллион 655 миң 51 чет элдик келген.
2018 - жылдын январь - апрель айларында Түркияга эң көп турист келген өлкө 858 миң 17 киши менен Иран болду. Ирандан кийин 671 миң 665 киши менен Гремания, 651 миң 228 киши менен Грузия келди.
Апрель айында 292 миң 720 турист саны менен Орусия Түркияга эң көп турист келген өлкө болду.
Апрель айында Орусиядан кийин 254 миң 863 киши менен Германия, 202 миң 26 киши менен Болгария келди.
Тектеш кабарлар
![Түркиянын косметика экспортунда өсүү](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/aead/90ba/6268/667298499fbb9.jpg?time=1718913460)
Түркиянын косметика экспортунда өсүү
Түркиянын косметика тармагынын былтыркы экспорту 1 миллиард доллардан ашты.
![Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/e6ba/590e/d2a2/66715dd0cba44.jpg?time=1718913460)
Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди
Кеме кечинде райондон чыгып, Айдындын Кушадасы портуна барат.