Түштүк Кореянын тик учарлары Түркия тарабынан жасалып чыгат
Авиация тармагында иш алып барган түрк фирмалары, Түштүк Корея тектүү Korea Aerospace Industries'in (KAI) Кореянын жалпы максаттуу тик учарынын (KUH Surion) жасалып чыгышын милдеттенди.
![Түштүк Кореянын тик учарлары Түркия тарабынан жасалып чыгат](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/b5fb/7d04/cc11/5b028e54c856f.jpg?time=1718831676)
Авиация тармагында иш алып барган түрк фирмалары, Түштүк Корея тектүү Korea Aerospace Industries'in (KAI) Кореянын жалпы максаттуу тик учарынын (KUH Surion) жасалып чыгышында маанилүү жоопкерчиликтерди милдеттенди.
KAIнин Коргоо өнөр жай кеңешчилигине (SSM) карата offset милдеттеринин алкагында KUH Surion тик учарлары үчүн Жошкунөз Коргоо жана авиация тарабынан жасалып чыккан ортоңку борт менен Түрк авиация жана космостук өнөр жай акционердик коому (TUSAŞ/TAI) тарабынан жасалган алдыңкы борт чогултуусу Түштүк Кореяда ишке ашырылды.
KAI менен SSM ортосунда 2007-жылы кол коюлган келишимдин негизинде Кале авиация, Эпсилон композит жана Йүксел композит тарабынан чыгарылган тетиктер TAI тарабынан чогултулуп KUH Surion тик учарларынын алдыңкы борту Түркияда жасалып чыга баштады.
KUH Surion тик учарларынын ортоңку бортунун чогултулуусу да 2015-жылы башталган иштердин алкагында Жошкунөз коргоо жана авиация фирмасына өткөрүлдү.
Бир бөлүгү Кале авиация жана Эпсилон композит тарабынан жасалып чыккан тетиктерден турган алгачкы ортоңку борт чогултуусу февраль айында жасалды.
KUH Surion тик учарынын куйрук тарабынан тышкары бардык борт чогултуусу жана бортту түзүүчү тетиктердин чыгарылышынын чоң бөлүгү жергиликтүү фирмалар тарабынан ишке ашырылгыдай деңгээлге жетти.
Ортоңку жана алдыңкы борттор Түштүк Кореяга алып барылып тик учарларга тагылды.
Жошкунөз коргоо жана авиация, 10 жылдык мезгилде 60 даана жалпы максаттуу тик учардын борту үчүн иштерди аткарат.
Тектеш кабарлар
![Түркиянын косметика экспортунда өсүү](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/aead/90ba/6268/667298499fbb9.jpg?time=1718831676)
Түркиянын косметика экспортунда өсүү
Түркиянын косметика тармагынын былтыркы экспорту 1 миллиард доллардан ашты.
![Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/e6ba/590e/d2a2/66715dd0cba44.jpg?time=1718831676)
Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди
Кеме кечинде райондон чыгып, Айдындын Кушадасы портуна барат.