Стамбулдагы аэропорттордун жүргүнчү саны
«Ататүрк» жана «Сабиха Гөкчен» аэропортторун канча жүргүнчү колдонду?
![Стамбулдагы аэропорттордун жүргүнчү саны](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/dc85/527b/26b5/5a31391244f30.jpg?time=1718866072)
Стамбулдагы «Ататүрк» жана «Сабиха Гөкчен» аэропортторунан быйылкы жылдын биринчи төрт айында тосулуп алынган жүргүнчүлөрдүн саны өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 4 миллион 845 миң 581 киши көбөйүп, жалпы 32 миллион 218 миң 911 киши болду.
Шаардагы эки аэропортто январь, февраль, март жана апрель айларында келген-кеткен жүргүнчүлөр менен каттамдардын саны өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу өстү.
«Ататүрк» аэропортун быйылкы жылдын биринчи 4 айында ички каттамдарда 6 миллион 291 миң 876, тышкы каттамдарда 15 миллион 225 миң 546 киши болуп жалпы 21 миллион 517 миң 422 жүргүнчү колдонду.
«Сабиха Гөкчен» аэропортунда болсо январь, февраль, март жана апрель айларында келген-кеткен жүргүнчүлөрдүн саны 10 миллион 701 миң 498 киши болду. Бул жүргүнчүлөрдүн 7 миллион 238 миң 92си ички каттамдардан, 3 миллион 463 миң 397си тышкы каттамдардан учту.
Тектеш кабарлар
![Түркиянын косметика экспортунда өсүү](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/aead/90ba/6268/667298499fbb9.jpg?time=1718866072)
Түркиянын косметика экспортунда өсүү
Түркиянын косметика тармагынын былтыркы экспорту 1 миллиард доллардан ашты.
![Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/e6ba/590e/d2a2/66715dd0cba44.jpg?time=1718866072)
Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди
Кеме кечинде райондон чыгып, Айдындын Кушадасы портуна барат.