Түркияда чет элдиктерге 15 жылда 42 миллиард долларлык турак жай сатылды
2018 - жылдын акырында жалпы 50 миллиард долларлык кирешеге жетиши күтүлүүдө.
Fuzul Grup тарабынан Түркия республикалык Борбордук банкынын маалыматтары база алынуу менен даярдалган «Чет элдиктерге турак жай сатууда алынган кирешелер» деген отчетко караганда чет элдиктер 2003 – 2017 - жылдардын арасында Түркиядан 42 миллиар долларга жакын турак жай сатып алды. Отчетко караганда чет элдиктерге турак жай сатууда алынган кирешенин өзгөчө 2013 - жылы ишке кирген өз ара мыйзамдан кийин өсүшү көңүлдөрдү бурду.
2018 - жылга мыкты кирген турак жай сатуунун жылдын биринчи 3 айында 2017 - жылдын ошол эле мезгилине караганда 20 пайызга өсүшү валюта курсундагы жогорулоо жана чет элдиктерге турак жай алууда жарандык мүмкүнчүлүгүн берген 1 миллион долларлык астыңкы чектин 300 миң долларга түшүрүлүшү сыяктуу факторлор менен 2018 - жылдын акырында жалпы 50 миллиард долларлык кирешеге жетиши күтүлүүдө.
Fuzul Grup тарабынан бир гана чет элдикке сатуу үчүн курулган Nevita Internationalдын башкаруу кеңешинин төрагасы Фарук Акбал чет элдиктердин өз ара мыйзамынан кийин 2013 - жылдын башынан бери 5 жылда 99 миң 691 турак жай сатып алгандыгы белгиленип, жылдык трендге каралганда акыркы мезгилде мыкты өсүү болгондугун белгиледи.
Тектеш кабарлар
Түркиянын косметика экспортунда өсүү
Түркиянын косметика тармагынын былтыркы экспорту 1 миллиард доллардан ашты.
Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди
Кеме кечинде райондон чыгып, Айдындын Кушадасы портуна барат.