Орусиялык туристтердин тандоосу Түркия

Антальяны тандаган орусиялык туристтердин саны өстү.

971172
Орусиялык туристтердин тандоосу Түркия

Орусиялык жарандар май айында эс алуу үчүн эң биринчи Түркияны тандашты.

Орусиянын федералдык туризм агенттигинин билдирүүсүндө, Эмгекчилердин жана Жеңиш майрамынан улам май айынын башында болгон эс алуу күндөрүндө, орусиялыктардын эс алуу үчүн Түркияны тандагандары белгиленди.

Билдирүүдө тандалган жерлердин арасында 52,3 пайыздык үлүш менен Түркиянын алдыңкы орунда турганы баса белгиленди.

Бул учурда быйылкы жылдын биринчи 4 айында Антальяны тандаган орусиялык туристтердин саны өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 60 пайыз өстү.

Жооптуу кызматкерлер, Түркияга быйыл орто эсеп менен 6 миллион орусиялык туристтин келишин күтүүдө.



Тектеш кабарлар