«Түрк агымы» долбоорунда алгачкы багыт аяктады

«Түрк агымынын» деңиздин астындагы куурларын дүйнөнүн эң чоң курулуш кемеси «Pioneering Spirit» төшөп чыкты.

963521
«Түрк агымы» долбоорунда алгачкы багыт аяктады

Орусиянын газын Түркия аркылуу Европага жеткире турган «Түрк агымы» долбоорунда алгачкы багыт аяктады.

«Түрк агымынын» деңиздин астындагы куурларын дүйнөнүн эң чоң курулуш кемеси «Pioneering Spirit» төшөп чыкты.

Ири кеме Орусиядагы Анапа жээги менен Түриядагы Кыйыкөйдүн арасында иштеди. 930 чакырымдык алгачкы багыт аяктады, ири кеме кайтуу жолуна бет алды.

Кемеге жээк коопсуздугу топтору коштоп жүрүштү. 40 өлкөдөн 511 киши кызмат кылган кеме, атайын долбоорлонду. Бир жолуда 2,5 Эйфел мунарасындай оордуктагы платформаларды көтөрө алат.

Дүйнөнүн эң чоң курулуш кемеси, «Түрк агымынын» экинчи багытын бүтүрүш үчүн бир канча айдын ичинде Кара деңизге кайтат.

Эске сала кетсек бул долбоор менен Орусиянын газы Түркия аркылуу Европага ташылат.



Тектеш кабарлар