Антальянын туризм көрсөткүчтөрү
Антальяга аба транспорту менен келген жүргүнчүлөрдүн саны өстү.
![Антальянын туризм көрсөткүчтөрү](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/8ed7/88d8/897b/59f82f86754e2.jpg?time=1718863127)
Антальяга аба транспорту менен келген жүргүнчүлөрдүн саны ушул айдын 28 күнүндө өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 52 пайыз өстү.
Анталья аэропортунун көрсөткүчтөрүнө караганда 1-28-мартта Анталья аэропортуна чет өлкөдөн 226 миң 366 киши келди.
Бул мезгилде келген жүргүнчүлөрдүн саны 2017- жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 52 пайыз өстү.
Өткөн жылы Антальяга 1-28-мартта шаарга аба транспорту менен 149 миң 158 киши келген.
Быйыл 1-январдан 28-мартка чейин шаарга аба транспорту менен чет өлкөдөн 434 миң 383 киши кирди.
2017-жылы тийиштүү мезгилде бул сан 321 миң 80 киши болгон.
Тектеш кабарлар
![Түркиянын косметика экспортунда өсүү](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/aead/90ba/6268/667298499fbb9.jpg?time=1718863128)
Түркиянын косметика экспортунда өсүү
Түркиянын косметика тармагынын былтыркы экспорту 1 миллиард доллардан ашты.
![Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/e6ba/590e/d2a2/66715dd0cba44.jpg?time=1718863128)
Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди
Кеме кечинде райондон чыгып, Айдындын Кушадасы портуна барат.